АРАФАТ
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Мекеге жакын (20 кждей) жайгашкан жердин аты. Сауд Арабстанында. Уз. 11-
12 кжге жеткен өрөөндөн ж-а аны түндүктөн чектеген жалча тоолордон турат. А. мусулмандардын эң негизги сыйынуу расмиси – ажылыктын
(хадж) каадасы өтүүчү жер. Эл ичинде айтылган уламыштар б-ча А. тоосунун этегинде бейиштен куулган Адам ата м-н Обо эне кездешкен. Бул жер ислам кабыл алынганга чейин
Илал деп аталып, зыярат кылуучу ыйык жай
болгон. Бүгүнкү күндө сыйынуучу жер катары
дүйнөгө белгилүү.