АРАНХУЭС
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(Aranjuez) – Испаниядагы шаар.
Мадридден 47 км түпггүктө, Тахо д-нын жээгинде
жайгашкан. Калкы 55,1 миң (2010). Байыркы
Рим мезгилинен белгилүү. 1387–1409-ж. Сантьяго орденинин Улуу магистринин резиденциясы, король сарайы, капелла, фонтан, статуялуу ажайып кооз бактары (Принц Багы), Рим
императорлорунун мрамор бюсттарынын бай
коллекциясы, чиркөө (1748), монастырлар
(1765-80) бар. А-тин сарай-парк ансамбли (испан барокко стилиндеги эстеликтер) Буткул
дуйнөлук мурастын тизмесине катталган. Туризмдин борбору. Тамак-аш, жеңил өнөр жайы
иштейт.