АРАМ ӨРДӨКТӨР
(Podicipediformes) – суучул
куштар түркүмү. Уз. 22-60 см. Сүзүп жүрүүгө ж-а
чумкууга ыңгайланышкан; куш жүнү калың,
куйругу начар өөрчүгөн, буттары тулку боюнун
арткы жагында
орун алган (кургакта араң басат), таман сөөктөрү м-н тырмактары жалпак, ар
бир манжасында
сүзгүч жаргакча-
еы бар. Канатта-
ры кыска, суу үстүндө күүлөнүп тез учат. Бул түркүмгө 1 тукум,
6 уруу, 20дай түр кирет. Уюл облустарынан
ж-а кээ бир океан аралдарынан башка бардык
жерде таралган. Кырг-нда 1 түрү кездешет. Негизинен тузсуз сууларда жашайт. Кыштоо үчүн
түндүктөн түш. жакка оошот, көпчүлүк учурда
Каспий ж-а Кара деңиз жээктеринде кышташат.
Тайыз суунун үстүнө салынган уясы калкып
жүрөт. Моногамдар, 2-8 жумуртка тууп, аларды ургаачы ж-а эркеги алмак-салмак басат. А. ө. б ал алан басып чыгаруучу куштарга кирет. Майда балыктар, омурткасыздар м-н азыктанат. Өзүнүн жүнүн жулуп жен, аны кайра кулгуп, балапандарына берет. Тузсуз суулардын пестицидцер ж-а оор металлдар м-н булганышына өтө сезгич келгендиктен аны биол. индикатор куш деп аташат. Мунун этин кыргыздар жебейт, ошондуктан «арам» деп аталып калынган. ЖКЭСтин Кызыл китебине 5 түрү киргизилген.