АРАЛЫК
Jump to navigation
Jump to search
– мааниси кандай объект үчүн аныкталып жаткандыгына көз каранды болгон геом.
түшүнүк. Эки чекиттин арасындагы А. аларды туташтырган кесиндинин узундугу. Чекиттен түз сызыкка (же тегиздикке) чейинки А. – берилген чекиттен берилген түз сызыкка (тегиздикке) түшүрүлгөн перпендикулярдын кесиндисинин узундугу. Жарыш түз сызыктардын (тегиздиктердин) арасындагы А. – бул түз сызыктарга (тегиздиктерге) жүргүзүлгөн жалпы перпендикулярдын кесиндисинин узундугу.