АРАЛ ДЕҢИЗИ
, Арал – Каракалпак Республикасы м-н Казакстандын аймагында жайгашкан мала туздуу туюк көл-деңиз. Субтропик
алкагынын чөл зонасында жайгашкан. Аянты
миң км2 (1991). Басымдуу тереңдиги 10-
15 м, эң терең жери 54,5 м. Түн. жээги тик, батыш жээги жардуу, түш. ж-а чыгыш жээктери
түзөң. Барса-Келбес, Кайра жаралуу ж. б. аралдары бар. Көлгө мурда Аму-Дарыя м-н Сыр-Дарыя куйган. Суунун бетиндеги темп-pa жайында 26-30°С, кышында 0°С. Кышкысын деңиздин бардык жеринде муз кездешет. Туздуулугу
15,9%о. 20-к-дын 60-жылдарынан баштан, көлгө
куйган дарыялардын суусу сугатка кеңири
пайдалангандыктан деңиз суусу кескин тартылып, туздуулугу артууда. Азыр Сыр-Дарыя, айрым жылдары Аму-Дарыя көлгө куйбай калды. Натыйжада көлгө чектеш аймактарда чөлдөшүү процесси күчөп, социал.-экон. структура
өзгөрдү. А. д-нин аймагы – «экол. алаамат зонасы» деп жарыяланып, аны коргоо чаралары
көрүлүүдө, к. Арал апааты. К. Молдошев.