АРАЛ кыштагы (Ноокен)
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Жалал-Абад обл-нун Ноокен р-ндагы
кыштак. Арал айыл аймагына караштуу. Ж огорку Арал ж-а Төмөнкү Арал
айылдарынан турат. Деңиз деңг. 620 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Масы
кыш-нан 8 км түш.-чыгыш тарапта, облустун
борбору ж-а темир жол бекети Жалал-Абад
ш-нан 48 км. Калкы 1178 (2009); негизинен пахтачылыкта, дан өсүмдүктөрүн ж-а жашылча
өстүрүүдө эмгектенет. Негизги мектеп, кесиптиктех. окуу жайы, амбулатория, мад-т үйү, мечит, 2 тегирмен, май жуаз, стадион бар. Дыйкан ж-а жеке чарба уюшулган.