АРАГУАЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:18, 6 Июнь (Кулжа) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
– Бразилиядагы д., Токантинс д-нын

(Амазонканын алабы) негизги сол куймасы. Уз. 2630 км, алабынын аянты 370 миң км2дей. Бразилия бөксө тоосу аркылуу агат. Ортонку агымында эки айрыкка бөлүнүп, дүйнөдө эң ири дарыя аралдарынын бири – Бананалды (уз. 300 кмден ашык) пайда кылат. Төмөнкү агымы босоголуу. Суусунун орт. чыгымы 8500 м3/сек дай. Ортонку агымында (1300 км аралыкта) кеме жүрөт.