АРАБ ЧӨЛҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:18, 6 Июнь (Кулжа) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
–- Сахара чөлунун түн.-чыгыш

бөлүгү. Нил д-нын өрөөнү м-н Кызыл деңиздин аралыгында жайгашкан. Түштүгүндө (22° түн. кендикте) Нубия чөлунө өтөт. Араб чөлүнүн басымдуу бөлүгүн таш-шагылдуу, кумдак ж-а акиташ тектүү платолор (хамада) ээлейт; алар батыштан чыгышты карай тепкичтенип көтөрүлөт. Кызыл деңиздин жээгинен Этбай кырка тоосу (эң бийик жери 2187 м\ Шаиб-эль-Банат чокусу) аркылуу бөлүнөт. Кышында кээде анын чыгыш капталдарына Кызыл деңизден түн.-чыгыш шамалы м-н келген жамгыр жаап, кургак нуктарда суу ташкынын пайда кылат. Жер астындагы суу агымы андагы суйдаң ксерофиттик кылкан-бадал, акация, тамариск, сикомора, курма пальмасы, дум (түштүгүндө) ж. б. дарак өсүмдүктөрүн жыл бою суу м-н камсыз кылат. Калкы негизинен көчмөн, алардын негизги кесиби мал (эчки, кой, төө) асыроо, оазистерде - дыйканчылык. Кызыл деңиздин жээгинде нефть, фосфорит кендери бар. Г. Бакасова.