АРАБ ИСКУССТВОСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:18, 6 Июнь (Кулжа) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
– материалдык мад-тта,

иск-водо, айрыкча арх-ра ж-а көркөм кол өнөрчүлүктө жаратылган чыгармалар топтому. Мад-ттын бул тармактары б-ча арабдар көп элдердин тажрыйбаларын өздөштүрүшкөн. Ошондуктан арх-расы м-н иск-восу чоң өзгөчөлүккө ээ. Арх-расы өркүндөп, жаңы үлгүдөгү үйлөр, мечиттер, медреселер, мунаралар салынган. 7-кдын 1-жары мында Басрада (635), Куфта (638),
Фустатта (640) курулган мечиттер алгачкы араб иск-восуна таандык.
Мындай мечиттер Дамаскинин борборунда да жерг. эллинисттик ж-а

сиро-византиялык арх­

Мохаммад Алинин мечитиндеги жуунуучу фон­тан.

ралык салт б-ча курулган ж-а көп түстүү мозаикалар м-н жасалгаланып, аларга арх-ралык мыкты пейзаждар киргизилген. Араб арх-расы айрыкча 10-15-к-да Магрибде ж-а Испанияда

гүлдөп, өнүккөн. Ири шаарларда (Рабат, Мар­

Мечиттин чамгарагынын араб оймо-чиймелери м-н кооздолгон ички көрүнүшү.

ракеш, Фест ж. б.) мунаралуу коргондор, имараттар, Гранадада араб арх-расынын ж-а көркөм өнөр иск-восунун шедеври – Альгамбра двореци курулат (13-15-к.). Колонналык типте салын­ган монументалдуу курулуштар араб өлкөлөрүндө көп убактарга чейин сакталган (мечит­тер: Каирде 9-к., Ибн Тулун; Рабатта, Хасан ж-а Марракеште Кутубия, 19-к.; Алжирде Чоң мечит, 11-к., ж. б.) ж-а Иран, Кавказ, О. Азия, Индия өлкөлөрүнүн арх-расына таасирин тийгизген. Арабдардын арх-ралык курулушунда фатимиддик Каир мектеби белгилүү болгон (969-ж.). Аксарайларды, «кербен сарайларды», мончолордун, күркөлөрдүн, турак-жайлардын, мечиттердин имараттарын таштан чегип (альХаким, аль-Азхар, Аль-Акмар ж-а ас-Салих-Талан), араб тамгалары м-н кооздоп, жасалгалашкан. Байыркы чыгыш мотивиндеги матем. түзүлүштөгү сүрөттүн фантазиясына карата оймочиймелерди колдонушкан, к. Арабеска.