АРАА
Jump to navigation
Jump to search
– жыгач, металл, таш, бетон ж. б. текзаттарды (материалдарды) тааруу, жара тилүү
үчүн колдонулуучу кол же тестик (станоктук)
көп кескичтүү шайман. Жыгач тааруучу кол
А-нын узатасынан ж-а ийри тааруучу түрлөрү
бар. Жыгач өнөр жайында бензин же электр м-н
иштөөчү А-лар колдонулат. Металл түтүктөрүн,
прокаттарды, тунуке тилкелерин ж. б. металл
буюмдарын тааруу диск, сүрүлмө, мис., абразивдик ж-а типггүү тасма , ийилчек болот тасмалар м-н аткарылат. Ысык темирди кесүү үчүн
өтө чоң айлануу жыштыктагы дискиси бар А. колдонулат. Курулуш ишинде
тоотектеринен такта, блок,
дубал таштарын жасоо үчүн
кескич шайманы бышык
эритме тиштүү диск, аркан,
чынжырлуу А., пгакек фреза м-н жабдылган таш кескич тилет. Кескич шайманынын диаметри 3-6 мм
болот аркандуу аркан А-сы м-н имарат жасалгалоочу таш иштетилет.