АППЛИКАЦИЯ
Jump to navigation
Jump to search
(лат. applicatio – чаптоо) – кездемеге же кагазга түрдүү түстөгү кесинди чүпүрөктөрдү чаптоо же тигүү аркылуу түшүрүлгөн
көркөм сүрөт; ушундай жол м-н тартылган сүрөт,
сайма. А. кийим ж. б. буюмдарды кооздоо үчүн
да колдонулуп келген, көп элдерде азыр да кезигет. Мектепте негизинен башталгыч класстарда эне тили, орус тили, математика ж-а сүрөт
сабактарында, жогорку класстарда тарых ж-а
география сабактарында өтүлүүчү айрым окуу
материалдарынын мазмунун конкреттештирүү
максатында пайдаланылат. Көрсөтмө курал
катары мектепте колдонулуучу А-лар адатта
колдо жасалат.