АПОРИЯ
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(гр. aporia – аргасыз абал) – байыркы
грек философиясында кыйын же чечилбес маселени билдирген түшүнүк. А. нерседе же ал
ж-дө түшүнүктө каршылык барын аныктоодон
келип чыгат. 1-жолу А-га Платон филос. маани берген. Ал А-ны чечилиши кыйын маселелерди тактоодо колдонгон. А-нын так аныктамасы Аристотелге таандык. Ал карама-каршы
ой корутундуларынын тепетеңдигин А. деп атаган. Зенон Элейский бул терминди колдонгон
эмес. Бирок анын кыймылдын болушу мүмкүн
эмес деген далилдемелерине ылайык, А. – чечилбеген кыйын маселе. Предметтерди таанууну танган грек скептиктери А-ны так ушул мааниде түшүнүшкөн. А. – байыркы грек философиясында диалек тенденциялардын пайда болушунун бир түрү.