АПОЛОГЕТИКА
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(гр. apologeticos – корголуучу) – христиандык окуунун негизги жоболорун
ага каршы, диний философиядан коргоо ж-а актоо. Ал Кудайдын бар экендигин, жандын өлбөстүгүн түшүндүрүүгө аракеттенген окуу. О. эле
динге ж-а анын айрым догмаларына каршы багытталган көз караштарды талдоо. Апологеттер публицист, жазуучу, юрист ж-а чечендик
өнөрдүн устаттары катары, грек философиясын
христианчылыктын кызыкчылыктарына пайдаланууга аракет кылган алгачкы ойчулдардан
болушкан.