«АПОЛЛОН»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:16, 6 Июнь (Кулжа) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
– АКШнын Айга учуучу 3 орундуу космос кемелеринин сериясы ж-а аларды

учуруу программасы. Программада 1961-ж. « А.» космос кемесин ж-а «Сатурн-5» оор ракета алып жүргүчүн, тех. ж-а старт комплексин, учууну башкаруунун командалык-ченөө комплексин куруу каралган. «А.» кемесинин массасы 47 тга жакын, уз. 17,68 м. Старт алдында ж-а орбитага чыгарганда кабина ичиндеги аба 60% кычкылтектен, 40% азоттон турат. Ай бетинде 3-4 с иштеп, жашоону камсыз кылуучу автономдуу система пайдаланьшат. Учуу-конструкциялык сыноо процессинде «Сатурн-5» ракета алып жүргүчү ж-а «А.» космос кемеси 10 жолу учкан. Анын алтоо учкучсуз («А.-1» – «А.-6»), төртөө («А.-7» – «А.-10») учкуч м-н учурулган. Учуруулар Жерге жакын учуучу «Сатурн-1В» ж-а Жерден алыс учуучу «Сатурн-5» ракета алып жүргүчтөрү м-н ишке ашырылган. 1969- 72-жылдарда Айга 7 жолу учурулун («А.-11» - «А.-17»), алардын алтоо Айга конгон, бирөө («А.-13», 1970) экснедициянын негизги блогунун энергия м-н камсыздоо системасы бузулун, космос кемеси Жерге кайткан. «А-дун» Айга учушу 8-12 суткага. жетип, Айда болуу убактысы 21,5-75 с-га эсептелген. 1969-ж. 21-июлда «А.-11» кемесинде Н. Армстронг ж-а Э. Олд рин (экипаждын үчүнчү мүчөсү М. Коллинз айга жакын орбитада негизги блокто калган) Ай бетине конушкан. Алардын негизги максаттарынын бири Жерге Ай топурагынан алып келүү болгон. Ай орбитасына жеткенде экөө Ай кабинасына өтүп, аны м-н Айга конгон, тапшырмалар аткарылгандан кийин ошол кабина м-н кайра учуп, ал орбитада калган орбиталык кеме м-н кайрадан бириктирилип, Жерге кайтып келген. «А.-15» (1971), «А.-16» ж-а «А.-17» (1972) Ай экспедицияларында Айга эки орундуу «Ровер» планетоходу астронавттарды Ай бетине түшүргөн. 1972-ж. «А.» ишин аяктаган.
Ад.: Шамсутдинов С., Маринин И. Аполлон американский: [К истории лунной пилотируемой программы] // Авиация и космонавтика. 1993. № 8, 9/10. 1994. №1/2.