АПИА
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Самоа Батыш мамлекетинин борбору
ж-а жалгыз шаары. Тынч океандагы У полу
а-нын түн. жээгинде жайгашкан. Өлкөнүн тышкы соода порту. Калкы 36,4 миң (2010). Тынч
океанды кесип өткөн деңиз жолдор тоому. Кемелер токтоочу жай. Эл аралык аэропорту бар.
Европалыктар келгенге чейин (1830) кичинекей
кыштак болгон. Порт негизделгенден баштап тез
темп м-н өнүгө баштаган. Германиянын ээлиги
мезгилинде адм. борбор (1899), көз карандысыздыкка ээ болгондон (1962) борбор. 1890-жылдан 1894-ж. чейин шотландиялык жазуучу
Р. Л. Стивенсон (Вайлимада жазуучунун күмбөзү, үй-музейи бар) жашаган. Улуттук ун-т (1984-
жылдан), Түш.-Тынч океан ун-тинин (1977) карамагында айыл чарба мектеби бар, автомобиль
кураштыруу з-ду иштейт. Сыртка копра, банан,
какао чыгарат.