АПЕРТУРА
Jump to navigation
Jump to search
(лат. apertus – ачык) – 1) опти-
к а д а – оптикалык системанын линза, күзгү
ж-а диафрагмалардын өлчөмдөрү м-н аныкталуучу жарык өтүүчү көзөнөгү. Бурчтук А. – системага кирген конустук жарык тобунун четки
шоолаларынын ортосундагы а бурчу. А. сан
жагынан A=n-sin(a/2), мында n-чөйрөнүн сынуу көрсөткүчү. Сүрөттөлүштүн жарыктанышы
А-нын сандык маанисинин квадратына түз пропорциялаш. Оптикалык системанын ажыратуу
жөндөмдүүлүгү да А-га пропорциялаш. 2) А нтенналуу техникада – татаал
антенналардын беттеринин нурланууну чагылдыргычы же кабылдагычы.