АПЕРТУРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(лат. apertus – ачык) – 1) опти- 

к а д а – оптикалык системанын линза, күзгү ж-а диафрагмалардын өлчөмдөрү м-н аныкталуучу жарык өтүүчү көзөнөгү. Бурчтук А. – системага кирген конустук жарык тобунун четки шоолаларынын ортосундагы а бурчу. А. сан жагынан A=n-sin(a/2), мында n-чөйрөнүн сынуу көрсөткүчү. Сүрөттөлүштүн жарыктанышы А-нын сандык маанисинин квадратына түз пропорциялаш. Оптикалык системанын ажыратуу жөндөмдүүлүгү да А-га пропорциялаш. 2) А нтенналуу техникада – татаал антенналардын беттеринин нурланууну чагылдыргычы же кабылдагычы.