АПЕЛЛЯЦИЯЛЫК ДАТТАНУУ
– мыйзам
күчүнө кире элек сот өкүмү ж-а чечимин өзгөртүш
үчүн жогорку инстанцияга даттануу. Апелляциялык сот даттанууну кайрадан изилдейт да
төмөнкү соттун чыгарган өкүмүн шексиз далилдер м-н кубаттайт же төгүнгө чыгарат. Учурдагы дүйнөлүк укук таанууда сот чечимин өзгөртүү
б-ча даттануунун бирдиктүү формасьш кассация деп аташат. КРдин кылмыш иштер б-ча
А. д. укугу соттолгон же акталган адамга, алардын адвокаттарына ж-а мыйзамдуу өкүлдөрүнө,
күнөөлөчү адамга ж-а анын өкүлүнө, жабыр
тартуучуга ж-а анын өкүлүнө таандык. Жарандык доочу, жарандык жоопкер ж-а алардын
адвокаты жарандык доого тиешелүү иштин
бөлүгүн токтотуу ж-дө өкүм же анын токтому
тууралуу даттанууга укуктуу. А. д. тиешелүү
облустук, Бишкек ш. ж-а КРдин аскер соту тарабынан каралат. Анын берүү тартиби, мазмуну, даттануу ж-а мөөнөтү ишти кароо эрежелери б-ча жүзөгө ашырылат.
Т. Асанов.