АПАТИТ КЕНТАШЫ
– апатит минералынын
өлчөмү, бүртүкчөлөрүнүн формалары технол.
иштетүүгө мүмкүндүк берген ж-a экон. жактан
казып алууга арзырлык табигый чогундусу. А. к.
минералдык курамы б-ча силикат-оксидүү, силикаттуу, карбонат-силикаттуу, карбонаттуу
ж-a гидросиликат-гидроксидүү, Р205тин өлчөмүнө жараша бай (16% жогору), орт. (8-16%),
жарды (4-8%) ж-a аз кенташтуу (4% чейин) болуп бөлүнөт. Комплекстүү кенташта (рудада) апатит негизги же кошумча компонент түрүндө кездешет. Минералдык курамына жараша жеңил
(Р205 апатит концентраты 90%тен ашык), канааттандырарлык (70-90%) ж-a татаал (70% тен
аз) ылгануучу таштарга бөлүнөт. Силикаттуу
(апатит-нефелиндүү ж. б.) кенташ жеңил, карбонаттуу ж-a гидросиликат-гидроксидүүсү татаал
ылганат. Ылгоонун негизги ыкмасы – флотация, ошондуктан кенташтагы апатиттин бүртүкчөлөрү 40 мкм төмөн болушу зарыл. А. к.
пайда болуу шартына ылайык магматогендүү,
метаморфогендүү ж-a седиментогендүү болуп
бөлүнөт. Алардан магматогендүү магма, апатиттүү-нефелиндүү сиениттердин массиви м-н
байланыштуу апатит-нефелиндүү (мис., Россиядагы Хибин ж-a Ловозеро, Кана да даты СентИлер ж. б. кендер) ж-a карбонатиттүү (ультранегиздүү, жегичтүү тоо тектер ж-a карбонатиттүү
татаал комплекстер м-н байланыштуу апатит
сейрек металдуу, мис., Россиядагы Ковдор, Финляндиядагы Сокли, Силинъярви, ТАР даты Пхалаборва, Бразилиядагы Тапира ж. б.) о. эле се
диментогендүү – карбонатиттер б-ча үбөлөндү
кыртыштан пайда болгон (апатит-франколитсейрек металлдуу кендер – Россияда Белозима
ж-a Ковдор, ТАР да Палабора, Финляндияда
Сокли ж. б.) кендердин өнөржайлык мааниси
зор. Апатиттүү ж-a курамында апатит комплекстүү кенташтардын дүйнөлүк жалпы запасы
млрд т Анын 1/3 Россияда, о. эле Вьетнам,
Бразилия, ТАР, Финляндия, Уганда, Норвегия,
Зимбабве, Канада, Испания, Индияда ири кендери бар. Кырг-нда апатит о. эле Кызыл-Омпол,
Сандык тоолорундагы сиениттердин курамында бар. А. к. (фосфориттер сыяктуу эле) – негизги фосфат кенташтарын түзөт. Негизинен
минералдык жер семирткич өндүрүү, фосфор
к-тасын ж-a туздарын, сары фосфорду алуу үчүн,
о. эле металлургияда, карала ж-a айнек өндүрүшүндө пайдаланылат.