АОРСТОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(гр. Aorsoi) – сармат урууларынын

союзу (к. Сарматтар). А. ж-дө Страбон, Пто­лемей, Плиний ж-a Тациттин эмгектеринде маалыматтар бар. А. алгач Арал же Каспий деңиздеринин түндүгүндө жашаган. Б. з. ч. 2-к-да Каспий деңизи м-н Дондун түн. жээгиндеги талааларды ээлешип, андан Кавказга чейин барышкан. А. жоокер, көчмөн эл болуп, негизи­нен малчылык м-н кесиптенишкен ж-a Закавказьенин, Боспор мамлекетинин ж-a О. Азия­нын элдери м-н соода жүргүзгөн. Б. з. 2-к-нда аландар башкарган сармат урууларынын союзу - нун курамына кирген. Оренбург талаалары м-н төмөнкү Волга боюнда б. з. ч. 4–2-к-дагы көрүстөндөр А-го таандык делип жүрөт.