АҢЫЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
эгини орулуп-жыйналып алынган жер.

Анда чабылган эгиндин маясы ж-а вегетация мезгили улануучу бир же көп жылдык отоо чөптөр калат. Анда көптөгөн өсүмдүк зыянкечтери ж-а а. ч. өсүмдүгүнүн илдет козгогучтары сакталып, дыйканчылыкка чоң зыян келтириши мүмкүн. Ошондуктан отоо чөптөрдү, зыянкечтерди жок кылуу, топурактагы нымдын бууланышын азайтуу үчүн эгин оруп-жыйналары м-н А. кыртыштап, отоо чөптүн жерге түшкөн үрөнү өнүп чыккандан кийин терең айдалат. Эгин (арпа, сулу ж. б. м-н) аралаш себилген көп жылдык чөп жыйналып алынгандан кийин А. айдалбайт.