АҢГЕМЕ
Jump to navigation
Jump to search
– эпикалык текке кирүүчү, кара сөз
түрүндөгү чакан чыгарма. А-нин каармандары
аз, окуясы жөнөкөй болот. Бирок, А. көлөмдүү,
татаал сюжеттүү, көп каармандуу да болушу
мүмкүн. Орус ад-тында А. жанрынын өнүгүшү
А. С. Пушкин, И. С. Тургенев, Л. Н. Толстой,
А. П. Чехов, М. Горькийдин аты м-н байланыштуу. Кыргыз ад-тында А. жанр катары 1920-ж.
жаралып, 1930-40-ж. калыптанды. К. Баялиновдун «Мурат», Ж. Турусбековдун «Бир болгон
иш», М. Элебаевдин «Бороондуу күнү», А. Токомбаевдин «Күүнүн сыры» деген А-лери белгилүү. Ч. Айтматов, К. Каимов, М. Гапаров,
М. Байжиев, Ж. Мавлянов, А. Саспаев, К. Жусубалиев, О. Айтымбетов А-нин кыргыз прозасынын активдүү жанрына айланышына зор салым кошушту.