АНТРОПОМЕТРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(антропо... ж-а ...метрия) -

адам денесинин морфол. өзгөчөлүгүн баалоо методцору м-н ыкмаларынын жыйындысы. Ага бойду, салмакты, дененин сырткы келбетин, о. эле бир катар функциялык көрсөткүчтөрдү өлчөө кирет. А. медицинада, негизинен дене өсүшүн изилдөөдө, айрыкча балдардын өсүшүн текшерүүдө өзгөчө мааниге ээ. Анткени ал – организмдин өсүшүн ж-а калыптанышынын көрсөткүчү. Бир жашка чейинки баланын бою, салмагы, баш, көкүрөк курчоосу ж.б. ай сайын, мектепке чейинки балдардыкы жылына кеминде 2 жолу, окуучулардыкы жыл сайын өлчөнөт. Мындай текшерүүлөр балдардын өсүү ж-а өөрчүшүндөгү кемчиликти өз убагында табууга мүмкүндүк берет. А. кишилерди диспансерлөөдө, армияга чакырылгандарды, спортчуларды мед. текшерүү жүргүзүүдө пайдаланылат. А. криминалистикада ж-а сот медицинасында да чоң мааниге ээ.