АНТРОПОГЕН МЕЗГИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(системасы), төртүнчүлүк мезгили – жердин геол. өнүгүү

тарыхынын бүгүнкү күнгө чейинки уланып жаткан эң акыркы мезгили; стратиграфиялык шкаланын эң акыркы системасы (к. Геохронология). Узактыгы 0,6 млн жылдан 3,5 млн жылга че­йин деп эсептелет. 1823-ж. Бакленд бул мезгилди «дилювий» деп атаган. 1829-ж. француз окумуштуусу Ж. Денауайс төртүнчүлүк система­сы деп бөлгөн. 1922-ж. орус геологу А. П. Пав­лов мезгилдин башталышында адам баласы пайда болгондугуна байланыштуу антропоген (гр. antropos – адам, genos – пайда болуу) мез­гили деп атоону сунуш кылган. Бирок кабыл алынган эл аралык стратиграфиялык схемасы түзүлө элек. Көбүнчө А. мезгили байыркы (эо), о р т о н к у (мезо), кийинки (нео), ‘‘‘плейстоцен ж-а голоцен деген 4 бөлүктөн турган (Qj, Qn, Qm, Q^) схемасы пайдаланылат. А. мезгилинде жер бетинде суу күч алып, климат өзгөргөн, азыркыдан үч эсе көп муз каптоолор жүргөн. Анын таасиринен өсүмдүктөр м-н жаныбарлар кыргынга учурап, суукка чыдамдуу мамонттор, жүндүү кериктер гана жашоосун уланткан. Бирок кийин алар да толугу м-н жок болгон. Адам баласынын пайда болу­шу, өсүп-өнүгүү тарыхы А. мезгили м-н тыгыз байланышкан. Мезгил ичинде ири тектон. кыймылдар жүрүп, Евразиядагы альпы бүктөлүү аймагын, Тынч океандын жээктерин, Теңир-Тоо, Алтай, Саян тоолорун кучагына алган. Азыр­кы учурдагы жер титирөөлөр ошо кездеги тек­тон. кыймылдардын уландысы болуп эсептелет. Ал кездеги кургактыктар м-н деңиздер азыркыга окшош келип материктерге континенттик чөкмөлөр (лёсс, алювий, пролювий, муз-көл чөкмөлөрү, эолдук кумдар ж. б.) кеңири тараган. Топурак кыртышы пайда болгон. Саздардан чымкөң орун алган. Алтын, платина ж-а алмаздын чачынды кендери, курулуш материалдары топтол гон. Мезгилдин өз алдынча өзгөчө проблемалары ж-а изилдөө ыкмалары болгондуктан, ‘‘‘төртүнчүлүк г е ологиясы деген илимий тармак келип чыккан.
Ад.: Марков К. К., Лазуков Г. И., Николаев В. А. Червертичный период, т 1-3, М., 1965-67; Чарыгин М. М., Васильев М. М. Общая и историческая геология. М., 1968.