АНТРАКТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(фр. entre – аралык, acte – көшөгө) – спектакль, цирк оюну, концерт учурунда артисттердин, көрүүчүлөрдүн тыныгуусу, сахна жасалгаларын алмаштырууга зарыл убакыт;
драмалык спектаклдерде көшөгө ачылар алдында ойнолуучу (оюнга тиешеси жок) муз. пье­са; 3) операда, балетте оркестрдин аткаруусундагы актта (биринчиден башка), кээде концертте

аткарылуучу номер (Ж. Бизенин «Кармен» операсында 3-көшөгөдө). Операда же драмада сүрөттөрдүн арасында аткарылуучу пьеса (Н. А. Римский-Корсаковдун «Китеждеги көрүнбөгөн шаар тууралуу жомок» операсынан «Керженцтин алдындагы салгылаш» симф. картинасы).