АНТРАКНОЗ
Jump to navigation
Jump to search
(гр. antrax – көмүр ж-a nosos -
илдет) – дарак, бадал ж-a чөп өсүмдүктөрүнүн кебер илдети. Бул илдетке чалдыккан өсүмдүктү каратак басып, бүдүрлүү болот. А. илдетке чалдыккан үрөн, өсүмдүк калдыгы, топурак, суу, курт-кумурска ж-a шамал аркылуу таралат. Ал мелүүн климаттуу зонада кезигип жаан-чачындуу жылы айрыкча көбөйөт. Жацгак, чай ж-а цитрус өсүмдүктөрү көп чалдыгып, түшүм төмөндөйт. Ага каршы күрөшүүдө которуштуруп айдоону туура жүргүзүү, өсүмдүктүн таза сортторун эгүү; өсүмдүктүн илдеттүү бутагын жазында кыркып, өрттөө, жайкысын бордос суюктугун же аны алмаштыруучу дарыларды колдонуу керек.