АЙ ФАЗАЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– Айдын бир ай ичинде көзгө көрүнгөн формаларынын ырааттуу өзгөрүшү, Ай бетинин Күн нурунан жарыктангандагы көрүн­гөн бөлүгү. Күн нурунун тийишине жараша өзгөрүп, А. ф. алмашылып турат. Айдын жа­ңырышы, биринчи чейрек, толгон ай ж‑a акыр­кы чейрек деген төрт бөлүктөн туруп, акырын­дык м‑н бири бирине өтөт: Ай жаңырганда, Күн м‑н Жердин ортосунда болгондуктан, анын жарык түшпөгөн жери бизге көрүнөт (к. сүрөт). Эгер Ай жаңырганда, ал Жер м‑н Күндү ту­таштыруучу түз сызыкта жатса, К ү н д ү н
АЙ ФАЗАЛАРЫ16.png

тутулушу байкалат. Ай Күндөн чыгышты карай акырындап жылып, орок кейиптенип, 7 ­күнү жарым тегерек түрүндө көрүнөт. Мында томпок жагы оң тарапта болот. Айдын бул фаза­сы 1‑чейрек деп аталат. Ай жаңыргандан 14 -­15 күн өткөндө, толук тегерек формада көрүнүп, толгон ай деп аталат. Жер Ай м‑н Күндү туташ­тыруучу түз сызыкта жатса, Ай тутулат. Ай тол­гондон 7 күндөн кийин акыркы чейрек башта­лат. Айдын жарымы гана көрүнөт да, томпок жагы сол тарапта болот. Ай орто эсеп м‑н 29,5306 сутка өткөндө кайра жаңырат.