АНА-КЫЗЫЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
 key type='misleterated'– Ош обл-нун Өзгөн р-ндагы кыштак. Төрткүл айыл округуна караштуу. Райондун борбору Өзгөн ш-нан 17 км түн.-батыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 61 км.Деңиз деңг. 845 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1908 (2009); негизинен дыйканчылыкта ж-а мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАЛ бар. Кыштактын атынын келип чыгышы кыргыз тилинин лейлек говорунда «анна» – жар ж-а кызыл; «кызыл жардуу жер» маанисине байланыштырылат.