АНАНЬЕВ Николай Яковлевич
20:50, 21 Май (Бугу) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Николай Яковлевич [19. 11. 1912, Ысык-Көл обл., Сазановка кыштагы (азыркы Ананьев) – 16. 11. 1941, Волокаламск р-ну, Нелидов кыштагы] – Сов. Союз. Баатыры (1942). 1941-ж. Советтик Армиянын катарына чакырылганга чейин, Ысык-Көл р-нундагы Сазановка кышнда колхозчу болуп иштеген. Фронтто А. 316-аткычтар дивизиясынын 1075-аткычтар полкунда кызмат кылган. Полк Москваны немецтик-фашисттик баскынчылардан баатырдык м-н коргоого катышкан.
1941-ж. 16-ноябрда душман Москваны көздөй чабуулга өткөндө, Волоколамск шоссеси багытындагы Дубосеково темир жол разъездин коргоочулардын ичинде атактуу 28 панфиловчунун катарында эрдик көрсөтүп, курман болгон. А. туулган жер азыр Ананьев кыш. деп аталат..
