«АНТИ-ДЮРИНГ»
– Ф. Энгельстин 1878-ж.
чыккан «Евгений Дюринг мырзанын илимде
жасаган төңкөрүшү» деген китебинин аталышы.
Анда марксизмдин негизги бөлүктөрү баяндалат: диалек. ж-а тарыхый материализм; сая-сий экономия; ил. коммунизмдин теориясы,
о. эле филос. табигый ж-а коомдук илимдердин
маселелери чечмеленген. Эмгек марксисттик теорияны майда бурж. идеолог Дюрингдин кысымдарынан коргоо максатында жазылган. Маркс
таанышып чыгып, саясий экономиянын тарыхы б-ча бөлүк жазат. Энгельс «А.-Д-дин» биринчи бөлүмүндө диалек. ж-а тарыхый матерализмдин негизин баяндайт ж-а философиянын
негизги суроосуна матер, көз карашта жооп берет, материянын кыймылынын формаларына
ж-а илимдин классификациясы маселелерине
түшүндүрмө берет. Диалектиканын мүнөздөмөсүнө, анын негизги мыйзамдарына, диалект,
ж-а формалдык логиканын мамиле маселелерине көп көңүл бурулат, табият таануу илиминин проблемалары: Дарвиндин теориясы, орг.
клетканын ролу ж-а жашоонун маңызы, Канттын космогониялык гипотезасы каралат. Экинчи бөлүмүндө Дюрингдин көз караштарын сындай, саясий экономиянын предметин ж-а методун аныктайт, Маркстын товар ж-а анын баасы ж-дөгү окуусун баяндайт.
Ш. К. Алиева.