АННАЛДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:21, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(лат. annus – жыл) – жыл ичин-деги

олуттуу окуяларды каттоо; тарыхый-баяндоо
даректеринин адепки формасы, жазма санжыра. Жылына каттоо байыркы заманда көп элдерде болгон, бирок «А.» термини байыркы Римден чыккан. Анда жылда болгон олуттуу окуяларды тактайга жазып, элге жарыя көрсөтүп коюла турган. Кыязы А. б. з. ч. 387-ж. Римдеги өрттөн улам жок болуп кетсе керек, кийин эсте калгандары кайрадан жазылып, улантылган. 130-жылга жакын А. 80 китепке чогултулган («Чоң Анналдар» жыйнагы). 123– 114-ж. А-ды жазуу токтотулган, бирок анналчылардын чыгармалары үчүн тарыхый булак болуп калган.