АНДАШ ЖЕЗ КЕНИ
09:09, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Талас р-нунда, Кыргыз Алатоосунун түш. капталында, Каракол суусунун
оң өйүзүндө, деңиз деңг. 2600 м бийиктикте жайгашкан. 1956-ж. табылып, 1982-85-ж. издөө
ж-а 1986–88-ж. баа берүү жумупггары жүргүзүлгөн.
Кен аймагын палеозойдун чөкмө тектери ж-а аны
жиреп чыккан гранит-диорит интрузиясы түзөт.
Кенташ ордовик ж-а силур мезгилдеринин кумдук, сланец тектери м-н гранит-диорит интрузиясынын кошулган жериндеги брекчияланып,
серпентиниттешип, хлориттешип өзгөргөн тилкесинде топтолгон. Кенташ (руда) тулкусу тарам, линза түрүндө жатат. Негизи минерал дары: халькопирит, малахит, пирит, халькозин,
галенит ж. б.; компоненттери: жез, алтын. Жездин кенташтагы өлчөмү – 0,36%, алтындыкы
1,83 г/ти Божомолдуу ресурсу: жездики 29953 т,
алтындыкы 15 т