АНДАМАН ДЕҢИЗИ
Jump to navigation
Jump to search
– Инди океанындагы жартылай туюк деңиз. Индикытай, Малакка
ж. а-нын, Андаман ж-а Никобар а. тизмегинин
ж-а Суматра а-нын аралыгында. Бирма, Таиланд, Индонезиянын жээктерин чулгап турат.
Аянты 605 миң км2. Эң терең жери 4507 м. Суусунун темп-расы 26–29°С, туздуулугу 31,5 -
32,5%о (жайында), 30,0–32,0%о (кышында) чейин. Суткасына 2 жолу деңиз ташкыны болот
(7,2 мге чейин). Негизги порттору: Янгон, Жоржтаун.