АНГИОЛОГИЯ
Jump to navigation
Jump to search
(жаңы лат. angiologia, гр. angeion -
кан тамыр ж-а ...логия) – анатомиянын кан ж-а лимфа тамырларын изилдөөчү бөлүгү. Гален (б. з. ч. 2-к-да) артериянын ичинде аба эмес, кан болорун, ал эми жүрөк аны айландырарын далилдеген. А-нын негизи 17-к-да кан айлануунун чоң ж-а кичине тегереги ж-а лимфа системасы түшүндүрүлгөндөн кийин калыптанган. 19- к-да англ. хирург ж-а анатом А. Купер, орус окумуштуусу Н. И. Пирогов артериянын топографиялык анатомиясын түзүшкөн. Азыркы А. кан тамырдын чоюлгучтугун, кан тамыр түтүгүн анын капталдарын, кандын ж-а лимфанын жылышын, о. эле органдарды кан м-н камсыздоо ж-а андан чыгуу жолдорун изилдейт. А-лык изилдөөлөр функциялык ж-а клиникалык багытта жүргүзүлөт. Негизинен изилдөө методцору рентгенология, инъекция, жарык жиберүү ж. б.