АНГИДРИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:09, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
– минерал, сульфаттар классына

кирет. Хим. формуласы Са (S04). Ромб сингониясында кристаллданат. Өңү ак, бозомук, көгүш, кызгылт. Майда бүртүкчөлүү көгүш түрү вульпинит же бергам мрамору деп аталат. Айнек сымал жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 3–3,5, тыгыздыгы 2980 кг/м 3. С. салм. 2,8–3. Сууга тийсе ным тарткандыктан көлөмү 30% ке чейин чоңоюп, гипске айланат. А. негизинен чөкмө түрүндө, кээде гидротерм жолу м-н пайда болот. Жер семирткич катарында, цемент даярдоодо ж-а кооздук үчүн майда буюмдарды жасоодо пайдаланылат.