АНГЕЛДЕР
Jump to navigation
Jump to search
– Византия императорлорунун династиясы (1185-1204). Негиз салуучусу Исаак II
(1185–95). А. бийликке Андроник I Комнинди
тактан кулаткандан кийин келишкен. Алардын
башкаруусу Византия империясындагы ички
ж-а тышкы абал оор болуп турган мезгилге туш
келип, мамлекеттин курамындагы провинцияларда сепаратисттик кыймылдар күч алган.
А-дин акыркы башкаруучуларынын Константинополь ш-нын калкы жек көргөн кресттүүлөрдү
колдоосу династиянын кулашына алып келген.
1204–1318-ж. А. Эпир падышачылыгынын башкаруучу династиясы болуп калган.