АНАКСАГОР
Кичи Азиядагы Клазоменден
(б. з. ч. 500-428) – байыркы грек философу ж-а
окумуштуу. Ал 30 жылдай Афиныда жашаган
ж-а жерг. филос. мектепти негиздеген. Анын
көз карашы милет мектебинин (Анаксимендин)
ж-а Парменидцин болмуш окуусунун таасири астында калыптанган. А. окуусун космогониялык
гипотеза түрүндө белгилеген: дүйнөнүн алгачкы
абалы кыймылсыз, формасыз аралашма түрүндө
болот ж-а алар эсепсиз көп майда, сезимтал
бөлүктөрдөн, буюмдардан турат деп эсептеген.
Убакыттын кандайдыр бир учурунда ж-а мейкиндиктин бир бөлүгүндө бул аралашма бат
айлануучу кыймылга келет. Ага кандайдыр бир
ички мамиледе – акыл (нус) аркылуу билдирилет. Акыл-эстин концепциясы филос. ой жүгүртүүнүн андан аркы өнүгүүсүнө маанилүү таасир көрсөткөн. Ал Күндүн ж-а Айдын тутулуусуна туура түшүндүрмө берген биринчи окумуштуу. Ш. К. Алиева.