АМЕРИКА САМОАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:09, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
– АКШнын өзүн-өзү башкаруучу ээлиги. Тынч океандын батышында,

Океаниянын борб. бөлүгүндө, Полинезиянын түш.-батышында жайгашкан. Самоа архипелагынын чыгышындагы 7 аралын – Тутуила, Аунуу, Мануа (Нуутеле, Олосега, Офу, Тау) ж-а Суэйне а-н, о. эле Роз атоллун камтыйт. Батышынан Самоа м-н (мурдагы Батыш Самоа) чектешет. Аянты 199 км2. Калкы 72,8 миң (2010;
а. и. Тутуила а-нда 58 миңге жакын); 81% самоалыктар, о. эле немец (евро-полинезиялык), аме
рикалыктар, тонгалыктар, филиппиндиктер, корейлер, токелау, япон, кытайлар жашайт.
Христиан (протестант, католик, мармондор) динин тутат. Борбору – Паго-Паго ш. Расмий тили – англис тили; калкынын көбү самоа тилинде сүйлөйт.
Акча бирдиги америка доллары.
Адм.-айм. жактан 3 округга (Батыш, Чыгыш – Тутулиа а-нда; Мануа) ж-а 2 аралга (Суэйне, Роз) бөлүнөт. Арал жанар тоонун (Роз а. шуру атоллунан турат) аракетинен пайда болгон. Базальт м-н капталган аскалар басымдуу. Эң бийик жери Лата тоосу (Тау а-нда; бийикт. 966 м). Эң чоң Тутуи-ла
а-нын батыш бөлүгүн (аянты 135 км2) аскалуу жапыз тоолор (653 м, Матафао чокусу) ээлеп, океанга тик түшөт. Жазы, терең Паго-Паго бухтасы (өчкөн жанар тоонун кратери) океандагы эң ыңгайлуу гавань. Арал шуру рифтери м-н курчалган. Климаты нымдуу тропиктик, пассаттык. Июлдун орт. темп-расы 25°С, февралдыкы 27°С, жылдык жаан-чачыны 2500–5000 мм. Декабрь-мартта тез-тез тайфун болуп турат. Дарыялары кыска келип, жээкке жетпейт. Пала, Кызыл көлдөрү (Аунуу а-нда) бар. Аймагынын 70% нымдуу тропик токою м-н капталган. Кокос пальмасы, бакчылык өнүккөн.
Ички дүң продукциясын көлөмү 575,3 млн АКШ доллары (2007), аны киши башына бөлүштүргөндө 8000 доллардан туура келет. Чарбасынын башкы тармагын копра өндүрүү, балык ж-а балык консерва өнөр жайы түзөт. Пемза ж-а пемзолит казылып алынат. 2007-ж. 185 млн кВт.c электр энергиясы өндүрүлгөн. Көркөм кол өнөрчүлүк өнүккөн. Жакшы пляждары, таза деңиз суусу болгону м-н тайфунга байланыштуу эл аралык туризм начар өнүккөн. Кокос пальмасы, жашылча, таро, нан дарагы, ямс, ананас, папайя өстүрүлөт. Чочко, бодо мал асыралып, үй кушу багылат. Автомобиль жолунун уз. 211 км (а. и. 150 кми асфальтталган). Темир жолу жок. Негизги деңиз порту – ПагоПаго. Эл аралык аэропорту бар. Сыртка (Индонезия, Японияга) консерва чыгарып, сырттан консерва үчүн материал, азык-түлүк, нефть продуктуларын, машина куруу продукцияларын, тиричилик товарларын (Австралия, Япония, Кореядан) алат. Р. Карачалова.