АЛЬТЕРНАТИВА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:20, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(фр., alternative, латын

alter – экөөнүн бири) логикада, эки же бир нече бири-бирин жокко чыгарган мүмкүнчүлүктөрдүн бирин тандоо зарылчылыгы; бири-бирин жокко чыгарган же танган мүмкүнчүлүктөр. А-нын логикалык негизин шарттуу ажыратуучу силлогизм түзөт. Шарттардын саны б-ча дилемма, трилемма, полилемманы айырмалайт. Дилемма – экөөнүн бири тандан алуу мүмкүнчүлүгү бар шартты ажыратуучу силлогизм.