АЛЬТАМИРА
Jump to navigation
Jump to search
жогорку палеолит дооруна
(б. з. ч. 17–14-миң жылдык) таандык үңкүр. Испаниянын түндүгүндөгү Сантандер ш-на жакын жерде жайгашкан. 1876–79-ж. испан археоло-гу Марселико Санс де Саутуолой ачкан ж-а изилдеген. Үңкүрдүн боорунда боёк м-н тартылган ж-а ташка чегилген бизондун, аттын ж. б.
айбанаттардын сүрөттөрү, о. эле таш куралдары табылган. Үңкүрдөгү тартылган сүрөттөр
дө айбанаттардын түзүлүшү, кыймыл-аракеттери чебер келтирилип, алгачкы коомдук мад-ттан
маалымат берет. А. – бүткүл дүйнөлүк мурастын
тизмесинине киргизилген археол. эстеликтердин
бири.