АЛЬДЕГИД ЖАНА КЕТОН КИСЛОТАЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:19, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
оксокарбон кислоталары же о ксикислоталар – молекулаларында карбоксил (СООН) тобунан башка альдегид же кетон (С=0) топтору бар орг. бирикмелер. Бул

топтун өз ара жайгашышына карата а-, (3-, үж. б. оксокарбон к-талары деп айырмаланат. Алканкарбон к-таларына салыштырганда күчтүүрөөк к-талык касиетке ээ. Алар СООН ж-а СО топторуна мүнөздүү реакцияларга кирет. Альдегид к-тасынын эң жөнөкөйү – глиоксил к-тасы (СНОСООН). Ал түссүз, килкилдек коюу суюктук. Көбүнчө чала бышкан мөмөдө, жемиште болот. Кетон к-таларынын эң жөнөкөйү - пирожүзүм к-тасы СН3СОСООН түссүз, уксус к-тасы сыяктуу кескин жыты бар суюктук.