АЛЫМОВ Бектурсун

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:09, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Бектурсун (Бек) (25. 8.1930, Чүй обл., Панфилов р-ну, Чорголу айылы – 28. 10. 1998, Бишкек) – публицист, педагогика илимд. док-тору (1994), КРдин эмг. сиң. мугалими (1983), Кырг-н жазуучулар ж-a журналисттер союздарынын мүчөсү. Жалал-Абаддагы пед. окуу жайын (1951), Ош мамл. пед. ин-тун (1955) бүтүргөн. Ош обл-нын Ноокат, Араван, Жалал-Абаддагы Ноокен р-нундагы мектептерде мугалим, дирек-тор, Кыргыз мамл. ун-тинде ага окутуучу, до-цент, проф. (1986). Ал кыргыз ад-тын окутуу методикасынын пайдубалын түптөгөн белгилүү илимпоздордун бири. Көптөгөн адабий-теор. ж-a методикалык эмгектерди жаратып, өз чыг-лыгы аркылуу окурмандын филос.-пед. ой-дүйнөсүнүн, жалпы мад-тынын жогорулашына чоң салым кошкон. Анын калеминен 200дөй ил. эмгектер, окуу китептери жаралган. Орто мектептердин 7-, 8-, 9-класстары үчүн кыргыз адты б-ча программалардын, окуу китептеринин

ж-a методикалык эмгектердин автору. А-дун «Шакиртиме кат» (1981) аттуу көркөм публицистикасы жазылып, «Жараланган жүрөк» фильм-спектакли тартылган. «Өмүр элестери», «Күүнүн сыры» драмалары элдик театрларда коюлган. Бишкек ш-ндагы № 39 мектепке анын ысмы берилген.
Эмг.: А.Токомбаевдин чыгармаларын мектепте окутуу. Ф., 1965, 1976; Жогорку класстарда жазуу жумуштарын жүргүзүунүн айрым маселелери. Ф., 1968; Кыргыз совет адабиятын окутуунун айрым маселелери. Ф., 1972; Кыргыз совет адабиятын окутуунун методикасы (жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн окуу китеби.) Ф., 1981; II китеп, Ф., 1991. С. Иптаров.