АЛХИМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:09, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(араб, аль-химия, лат. alchemia) -

табигый заттарды (айрыкча металлдарды) асылдандыруу, өркүндөтүү, адамдын денесин жандандыруу ж-дөгү окуу. О. к-да Бат. Европада кеңири таралган мад-ттын өзгөчө бир көрүнүшү. Алхимиктер кереметтүү «философиялык таштын» таасири м-н жөнөкөй металлдарды (Fe, Си, РЬ) асыл металлдарга (Au, Ag ж. б.) айлантуу жолун изилдеп, адам ооруларын айыктыруучу, өмүрүн узартуучу, жашартуучу эликсирди изилдөө иштерин жүргүзүшкөн. Бул максаттарды ишке ашырууда HNO3, H2SO4 ж-а алардын туздарын алуунун ыкмаларын, жөнөкөй хим. технологияны, заттарды тазалоонун жолдорун ж. б. иштерди аткарышкан. Кенден металлдарды эритип алуу, айнек, керамика, фарфор чыгаруу бир кыйла жолго коюлган. А. күч алып турган мезгилде (11-16-к.) баалуу бирикмелер м-н аралашмалар (боёктор, эмаль, металл куймалары, дары-дармектер) ачылып, аларды алуу жолдору өздөштүрүлгөн. А-тер «философиялык ташты» таппаганы м-н кыйла хим. процесстерди, реакцияларды ишке ашырып, азыркы химиянын пайдубалын курган. Араб алхимиктери (7-к-да) дары-дармек жасоо ыкмаларын, буулантып айдоону, дары хим. бирикмелерди алуу жолдорун, тери оорусун дарылоочу киноварь, сулема, көз оорусун айыктыруучу жез, цинк сульфаттарын ж. б. ачкан. Грекия, Египет А-сы кенден металлдарды алуу, куймаларын даярдоо ж. б. иштерде ийгиликтерге жетишип, металлургиянын өркүндөшүнө салым кошкон. Хим. эксперименттердин айрым методдору (ысытуу, буулантуу, кристаллдаштыруу, чыпкалоо ж. б.) иштелип чыккан. Ошентип Алхимиктер жыйнаган маалыматтар хим. кубулуштар ж-дөгү ил. окууну жолго коюуга мүмкүндүк берген. Алхимиктер о. к-дапы табигый илимдерди системага салууга аракет жасашкан. Бирок А-нын мифтик көз карашын четке каккандан кийин гана илим катары өнүгө баштаган.
Ад.: Рабинович В. Л. Алхимия как феномен средневековой культуры. М., 1979; Саду Ж. Алхимики и золото. К., 1995; Юнг К. Г. Психология и алхимия. М., 2003.