АЛУНИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:09, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 [фр. alun, лат. alumen – (квасцы) ачык

таш] – татаал сульфаттар тобуна кирүүчү минерал. Хим. формуласы КА1з[80.ф(0Н)б. Тригон сингониясында кристаллданат. Өңү ак келип, кээде ага бозомук же саргыч ж-а кызгылт түстөр кошумчаланып турат. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 3,5-4, тыгыздыгы 2820 кг/мз. С. салм. 2,58-2,75. Калийлүү талаа шпатынан турган жанартоо тектерине күкүрт кычкылдуу гидротермдик эриндилеринин ж-а алюминий оксидине бай тоотектерге жер бетиндеги сульфаттуу суулардын тийгизген таасиринен пайда болот. А-түү тоотектерден алюминий оксиди, калий туздары ж. б. алынат. Негизги компоненти А. кенташы (рудасы).