АЛТЫМЫШЕВ Арстанбек Алыбаевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:19, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Арстанбек Алыбаевич (1930, Чүй

обл., Кемин р-ну, Кара-Булак айылы – 2000, Бишкек) – фармаколог, медицина илимд. доктору (1968), проф. (1970), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1984; корр. мүчө,
1974). Кыргыз ССРинин илим ж-а техника б-ча мамл. сыйл. лауреаты (1970). КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1993). 1954-ж. КММИни бүтүргөн. Ошол эле ин-тта ассистент. 1956-62-ж. Семей (Казакстан) мед. ин-тунун ж-а КММИнин фармакология кафедрасынын башчысы, 1969-жылдан Кыргыз ИАнын орг. Химия ин-тунун лаборатория башчысы, 1980-жылдан ин-ттун директорунун орун басары, 1992-2000-ж.

АЛТЫМЫШЕВ 7.png

Биофармакология ин-тунун директору. 250дөн ашуун ил. эмгектин (а. и. 46 ойлоп табуунун ж-а 15 монографиянын) автору. Эмгектери Кырг-ндын дары өсүмдүктөрүн ж-а физиол. активдүү заттарды изилдөөгө арналган. Ойлоп табууларынын ичинен «Ликорин», «Карагай» бальзамы, «Чынгыз» арча майынын дарылык жакшы касиети б-ча дүйнөгө таанылган. Мындан башка сергитүүчү-дарылоочу ичимдиктер- «Арашан», «Уссупийский», «Сибирь», «Гобустан» бальзамдары өндүрүштө чыгарылган.
Эмг.: К фармакологии группы алкалоидов-производных фенантредина (ликорин, дигеррин, тацеттан, галактин). Семипалатинск, 1959; Лекарственные богатства. Ф., 1974.