АЛТАЙ тоосу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:19, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(түркчө «алтан» – алтындай; хакасча -

бийик тоо, тоолуу өлкө) – 1) Россия, МЭР ж-а Кытайдын аймактарындагы тоо тизмеги. Уз. 2000 кжден ашык. Обь, Иртыш, Енисейдин ж-а Борб. Азия туюк аймагынын дарыяларынын өтө

АЛТАЙ. Орографиялык схема

Сан менен тоо аралык өрөөндөр белгиленди:
Кан талаасы
Абай талаасы
Котанды талаасы
Масштабы 1: 28 000 000
Масштабы 1: 5 500 000

тармактанган суу бөлгүч тоо системаларынан турат. Эң бийик чокусу – Белуха (4506 м). А-дын өзүнө (же Орус A-на), Моңгол Алтайына ж-а Гоби Алтайына бөлүнөт.
А-дын өзү геол. түзүлүшүнө ж-а өнүгүү тарыхына карай каледон мезгилинде пайда болгон. Тоолуу А-га ж-а герцин мезгилинде пайда болгон Кендүү Алтайга ажыратылат. А. тоолору Урал-Моңгол геосинклиналь кырчоосунун ж-а Сибирь платформасынын түш. чет жакасынын кайтадан көтөрүлүшүнөн пайда болгон. Чөкмө, метаморфизмделген ж-а жанар тоо тектеринен, жиреп чыккан интрузиялардан турат. Кен байлыктары: темир рудасы, сымап, асыл ж-а түстүү металл (Кендүү А.). Ысык булактары: Абакан, Белокуриха, Рахманов ж-а Жумалы. Чыгышы м-н түштүгүндө Катунь, Түн. ж-а Түш. Чүй бийик кырка тоолору, түндүгү м-н батышында орто бийик Уба, Чергинский, Бащелак кырка тоолору ж. б. тайпац жондуу калдык тоо массивдери жайгашкан. Талаа деп аталган тоо аралык ири өрөөндөр (Чүй, Курай) бар. Климаты континенттик. Кышы катаал ж-а көпкө созулат. Январдын орт. темп-расы тоо этектеринде –15°Сден –28°Сге, тоо аралык өрөөндөрдө (мында темп-pa инверсиясы болот) –32°Сге чейин. Жайы салыштырмалуу кыска ж-а мелүүн; июлдун орт. темп-расы тоо этектеринде 19–22°С, бийик тоолордо 14–16°С. А-дын батыш ж-а түн.-чыгышындагы нымдуу айдарым капталдарында жылдык жаан-чачындын өлчөмү 1200 ммге, түш.-чыгыш капталдарында 200 ммге чейин. Тоо-өрөөн шамалдары (фён) мүнөздүү. 1500дөй мөңгү (жалпы аянты 900 км2ден ашык) белгилүү. Дарыя тармактары көп. Ирилери: Катын, Буктурма, Бий, Чүй. 3500дөн ашуун көл бар, анын көбү бөгөт көлдөр. Эң чоңдору: Марка-Көл, Төлөс (Алтын-Көл).
A-да ландшафттын бийиктик алкактуулугу даана байкалат. Түн. ж-а батыш тоо этектеринде 400–700 м бийиктикке чейин түркүн чөп өсүмдүктүү шалбаалуу талаа, 1200–1500 мге чейин шыбак-бетегелүү талаа жайгашкан. Too токойлорунда (аймагынын 2/3 бөлүгүнө жакынын ээлейт) кызыл карагай (2000–2200 мге чейин) басымдуу. Түндүгүндө ийне жалбырактуу токой (а. и. кедр токою) өсөт. Бийик чөптүү шалбаа, айрым жерлеринде тоолуу талаа мүнөздүү. Бийик тоолуу (бийикт. 1800–2400 м) субальп бадалы жогорулаган сайын кыска чөптүү альп шалбаасына өтөт. Чыгыш ж-а түн.-чыгыш аймагында тоолуу тундра (бадалдуу, мамык чөп-эңилчектүү, таш-шагылдуу тундра), андан жогору аска, шагыл, кар-мөңгү каптал жатат. A-да Алтай коругу уюшулган.
2) Алтай крайы ээлеген аймактын көп колдонулуучу аты. А-да 5 табигый аймак өзгөчө коргоого алынган; алар – Алтай коругу, Төлөс (Телец) көлүнүн тегереги, Катын коругу, Белуха паркы ж-а 4 көк бейкут зонасы. Булар жалпы Алтайдын «Алтын тоолору» деп аталып, 1998- жылдан Буткул дуйнөлук мурастын. тизмесине катталган. Марка-Көл коругунда табигый ландшафттар ж-а айрым табият эстеликтери да корголот. А-дын экономикасы жөнүндө к. Алтай крайы, Алтай (Алтай Респ.), Тува макалаларын.
Ад.: Михайлов Н. И. Горы Южной Сибири. М., 1961; Большой Атлас. Сб., т. 1-3. М., Л., 1934-36; Давыдов М. И., Раковская Э.М., Тушинский Г. К. Физическая география СССР. Том 2: Азиатская часть СССР. Современные проблемы физической географии. М., 1990.