АНТИСЕПТИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(анти ... ж-а гр. septikos -

ириң) – хим., физ., биол. каражаттарды колдонуу м-н зыяндуу микробдордун өсүп, өнүгүшүнө жол бербөө ж-а жараттын ириңдеп кетүүсүнөн сактоо чаралары. Хирург, операцияларда кеңири колдонулуп, жаратка түшкөн микробдорго каршы, о. эле дарылоого багытталган. Инфекциялык кабылдоолордун себебин венгриялык акушер И. Земмельвейс ж-а орус хирургу Н. И. Пирогов туура түшүндүрүшкөн. Н. И. Пирогов сезгенген жаратта «миазм» пайда болуп, аны ириңдетип, шишитип, жараттан абага бөлүнүп, башка оорулуунун жаратын, о. эле таңгыч материал - дарды булгай тургандыгын айткан. 1863-ж. фр. микробиологу JI. Пастер ачуу ж-а ириндөө микроорганизмдердин тиричилигинен болорун далилдеген. Англ. хирург Д. Листер Л. Пастердин изилдөөлөрүнүн ж-а өзүнүн байкоолорунун негизинде операциядан кийинки инфекциялык кабылдоолорду жаратка түшкөн микроорганизмдер пайда кылат деп, аларга каршы теориялык негизделген чараларды, б. а. А-ны сунуш кылган (1867). Бактерициддик каражат катары карбол к-тасы колдонулган. Анын эритмеси м-н аспаптар, операция алдында хирургдун колу, операция бөлмөсү тазаланган. Бул ыкма өтө натыйжалуу болуп, тез тараган. Бирок карбол к-тасы микробду өлтүргөнү м-н уу болгондуктан, жараттын тканын бузуп, аны м-н дем алганда жалпы ууланууну пайда кылган. Барабара уусу аз антисептик каражаттар (иоддун спирттеги 5-10 % түү эритмеси, спирт, формалин, фурациллин, марганцовка ж. б.), микробду зыянсыздандыруунун жаңы жолдору табылды.