АНКЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:20, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Ат (австр. минералог М. Анкердин ысмынан), күрөң шпат – доломит тобундагы

татаал карбонат минералы. Хим. формуласы Ca(Fe2+,Mg, Мп2+)[С03]2. Тригон сингониясында кристаллданат. Өңү ак, боз, кызгылт күрөң. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 3,5-4, тыгыздыгы 2930-3100 кг/м3. С. салм. 2,9-3. Жаратылышта негизинен гидротермдик полиметалл ж-а кычкыл карбонаттуу темир кенташтарынын метасоматоз тибиндеги кендеринде болот.