АНЖИЯН ШААРЫ
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Өзбекстан Респ-сындагы
шаар, Анжиян облусунун адм. борбору. Фергана өрөөнүнүн чыгышында жайгашкан. Калкы
410 миң (2015). Темир жол түйүнү. Аэропорт
бар. 9-к-дан Андукан деген ат м-н белгилүү болуп, Саманид, Караханид, Монгол Тимурид, Бухара ж-а Кокон хандыктарынын курамына,
1876-ж. Россия империясынын курамына кирген. 1898-ж. Анжиян көтөрулушунун башкы
борбору болгон. Өзбекстандагы маанилүү өнөр
жай борбору. Машина куруу (электртех., ирригация жабдуулары), жеңил (кебез-кездеме, буткийим, трикотаж, тигүү), тамак-аш-татымал
өнөр жайы; гидролиз ж-а 2 пахта з-ду бар. Төрт
<notkey>ЖОЖ</notkey>, тарыхый-край таануу музейи, медресе,
Жами минарети (19-к-дын аягы), муз.-драма
(1919), «Лола» куурчак ж-а Жаштар театры
иштейт.