АНГЛИЯ-АМЕРИКА СОГУШУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(1812–14).

Англиянын АКШнын соодасын, экономикасын үзгүлтүккө учуратууга ж-а АКШнын башкаруучу чөйрөлөрүнүн Канаданы басып алып, өз ээликтерин кеңейтүүгө умтулушунун натыйжасында келип чыккан. Англия флотунун Американын кемелерин басып алышы согушка шылтоо болот. 1812-ж. 18-июнда АКШ Англияга согуш жарыялайт. Америкалыктар Эри (1813-ж. сентябрь), Шамплейн көлдөрүнүн жанында ири жеңиштерге жетишет. Ал эми англичандар деңиздеги күчүнүн көптүгүнөн пайдаланып, 1814-ж. 24-июлда АКШнын жээктерине аскер десантын түшүрүп, Вашингтонду басып алган ж-а шаардын көп бөлүгүн өрттөп жиберген. Согуш АКШнын көз каранды эместиги үчүн амер-тардын жүргүзгөн күрөшүнө айланат да, амер. аскерлер бир топ жеңиштерге ээ болгон. 1814-ж. 24-декабрда согушту жыйынтыктаган Гент келишими б-ча согушка чейинки абал калыбына келтирилген.